Дүйнө чемпиондугу: Руслан Царёв мөөнөтүнөн мурда жеңилди

Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Бешинчи күндүк мелдештер күрөштүн грек-рим түрү боюнча уланды. Анда Дүйнө чемпиондугуна 72 килограмм салмакта катышкан Руслан Царёв 1/8 финалга чыгып, анда түркиялык Женгиз Арслан аттуу балбан менен кез келди.

Түркиялык балбан бир топ активдүү болуп, беттештин биринчи бөлүгүндө эле 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү түркиялык балбандан көз каранды болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан