Кыргыз балбаны Сардарбек Конушбаев Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 7-октябрда килемге чыкты.
Ал 55 килограмм салмакта чейрек финалга чыгып, анда ал азербайжандык Эльданиз Азизли аттуу балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө атаандашы активдүү күрөш көрсөтпөгөнү үчүн калыс ага партер абалын берип, кыргыз балбанына бир упай ыйгарды. Андан кийин атаандашы 6 упай алууга жетишти. Биринчи бөлүк 6:1 эсебинде атаандаштын пайдасында аяктады.
Экинчи бөлүктө азербайжандык балбан дароо 4 упай алып, 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Азербайжандык балбан финалга чыга турган болсо кыргыз балбаны коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттешке катыша алат.