Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугунда 77 килограмм салмакта чейрек финалда эки фаворит балбан, тагыраагы ирандык Мухаммадали Гераеи менен орусиялык балбан Роман Власов кез келип, Власов 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Беттеш аяктагандан кийин эреже боюнча балбандар кол алышышы керек эле. Бирок Гераи Власовго колун бербестен килемден чыгып кетти. Роман Власов анын мындай кадамына түшүнбөгөндөй ордунда саамга карап туруп, андан кийин килемди таштап кетти.
Муну менен Роман Власов Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.