7-ноябрь күнү Ташкентте футзал боюнча 2014-жылы Азия Кубогуна тандап алуу оюндары жыйынтыкталды. Тандап алуу оюндарында Кыргызстан курама командасы, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан командалары менен беттеш өткөрүп, 3 оюнда 1 упай алып, өз тайпасында 3-орунду ээлеп, 2014-жылы Вьетнамда өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алды. Эреже боюнча тандап алуу оюндарына катышкан 4 команда 3 жолдомо үчүн ат салышты. Жыйынтыгында Өзбекстан 3 оюнда 3 жеңишке жетип, 1-орунду ээледи. 2-орунду 3 оюнда 2 жеңиш менен 6 упай топтогон Тажикстан, 3-орунга 3 оюнда бир ирет тең чыгып, 1 упай алган Кыргызстан курама командасы кошумча көрсөткүчтөр боюнча 1 упайы бар Түркмөнстан курама командасынан алдыга чыккан. Кыргызстан курама командасы катышкан жалпы тандап алуу оюндарынын жыйынтыгы төмөндө:
5-ноябрь
Кыргызстан 4:8 Тажикстан
6-ноябрь
Кыргызстан 2:2 Түркмөнстан
7-ноябрь
Кыргызстан 1:5 Өзбекстан