Осло: "Кыргыз спортчуларындай боло албадык". Казакстандыктар кыргыз балбандарына экинчи ирет суктанды

Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курамасы азырынча 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль утту.

Ал эми Дүйнө чемпиондугуна катышкан коңшу Казакстан курама командасы Ослодо ийгиликсиз болууда. Азырынча алардын карамагында бир гана күмүш медаль бар.

Мындан улам алар балбандарына нааразычылыгын билдирип, коңшу өлкөлөргө суктанган билдирүүлөрүн социалдык тармактарга жазышууда.

"Каршылаштарыбыз финалга чыкса экен, биздин балбаныбыз колого күрөшөт деп күтүп отурабыз. Кыргыз элинен эмнебиз кем?";

"Айсулуу кыргыздын багына жаралган алтын спортчу";

"Кыргыз өлкөсүнөн легионер балбандарды алып келиш керек. Биздикилер жыргатпайт";

"Дүйнө чемпиондугунда башка өлкөлөр медаль алганча, өзүбүздүн кыргыз коңшулар алганы жакшы көрүнүш. Куттуктайм!";

"Медалдар куттуу болсун кыргыз эли! Күрөштө мыкты чыгып жатасыздар";

"Казакстанга Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучуларды алып келиш керек";

"Кыргыз элиндей боло албадык го. Алардын бардык балбандары жеңиш үчүн күрөшөт. Биздин балбандарыбыз Ослого барып сүрөткө түшүп келишет";

"Коңшуларыбыз кыргыздарда 2 алтын, Монголияда 5 медаль. Сөз жок" деген пикирлерин жазышкан.

Казак спорт сүйүүчүлөрү буга чейин дагы кыргыз балбандарынын "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарындагы күрөшүнө суктанып, жүрөгүндө оту бар деп мактоого алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
u02u02
2021-10-08 09:30:12
Алга кыргыз!
+16
Medina87
2021-10-08 09:53:43
Сыймыктанам КЫРГЫЗ экениме))
АЛГА КЫРГЫЗЫМ))))))
+14
Samina007
2021-10-08 10:51:55
Көзүңөргө көк таш.
-4
Alixan-Nookat.2015
2021-10-08 12:57:09
Буюрса дагы медалдар болот, биздин балбандарга башкалардай мыкты шарт түзүлгөндө биринчиликти бербейт эле.
+7
Pepe93
2021-10-08 14:36:16
Бизге коз тйибесин тфу тфу, баары алдыда, буйруса онугуу жолундабыз
+5
Kari
2021-10-08 15:52:35
Суйунучтун коз жаштарын тогуудомун.Азаматтар.
+2
KBD1987
2021-10-08 18:32:01
Кыргыз казак бир тууган. Биздин балбандардын мээрети акталууда.
+3
nazira...
2021-10-08 19:47:16
Казактар кыйын эле го, эмне болду экен аларга. Эч нерсе эмес боордоштор, бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан