«О!Деньги» капчыгынын ээлеринде «Айыл Банк» ААКтын кызматтарынан комиссиясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду!
Эми «Мой О!» тиркемесинен кредитти төгүү, картага акча которуу, «Айыл Банктын» өздүк жана депозиттик эсебин толуктоо толугу менен акысыз.
Смартфондо каржылык ресурстарды колдонуу мүмкүнчүлүгү акча операцияларын 24/7 онлайн жүргүзүүгө, убакытты бир кыйла үнөмдөөгө жардам берет жана банктык бөлүмдөргө баруу муктаждыгынан арылтат.
Кызматтардан пайдалануу оңой:
Каражаттар дароо эсепке которулат, ал эми электрондук чек төлөмдөрдүн тарыхында сакталып калат.
Мындан тышкары банктын кызматтарынан бүт өлкө боюнча жайгашкан О! төлөм терминалдарынын түйүнүнөн комиссиясыз пайдаланса болот.
Тиркеме тууралуу:
«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын жана О! + Saima абонентинин жеке кабинетин бириктирген санариптик экотутум.
«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.