68 килограмм салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону аталган кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова финалдык беттештен кийин Дүйнөлүк күрөш уюмуна интервью берди.
Берген интервьюсунда кыргыз балбан кызы финалдагы атаандашы, Айсулуу Тыныбекованын ага берген дем-күчү жана машыктыруучулары жөнүндө айтты.
"Мен финалдагы атаандашым менен экинчи жолу кез келип жатам. Буга чейин жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кез келгем. Бул экинчи жолку кез келишибиз.
Айсулуу Тыныбекова биздин команданын лидери. Ал 2019-жылы Дүйнө чемпиону болгондо аябай кубангам. Мен анда жаракат алып катыша албай калгам. Биз андан үлгү алабыз", - деди Мээрим Жуманазарова.
Мындан тышкары кыргыз балбан кызы үй-бүлөсү спортко жакын адамдар экенин айтып, кыргыз машыктыруучулары эң мыкты экенин баса белгилеген.