7-октябрда Кара-Балтада "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, оор абалдагы бейтапты алып бара жаткан "Тез жардам" унаасы оодарылып кеткен. Ага жол тандабастын жол бошотуп бербегени себеп болгон.
Жол тандабастын айдоочусу аны байкабай калган. Бейтап башка унаа менен ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.