"Сол кол менен туштап туруп оң кол менен аттандаштын ооз коргогучун түшүрө чапканда". Алтынбек Мамашовдун нокауту көпчүлүктүн көңүлүн бурду

4-октябрда Чеченстандын Грозный шаарында өткөн "АСА 130" турниринде кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов бразилиялык Элиас Сильверио менен кез келип, атаандашын беттештин экинчи бөлүгүндө укмуштуудай нокаутка учураткан.

Алтынбек Мамашов жети жылдын ичинде Элиас Сильвериону нокаутка учураткан биринчи мушкер болду.

Бул турнирде көрүүчүлөр бир канча ирет мыкты беттештерди көрө алышты. Бирок алардын эң мыктысы болуп кыргыз мушкеринин бразилиялык атаандашынын ооз коргогучун түшүрө чаап, бир сокку менен нокаутка учуратканы болду. Эң кызыгы, Алтынбек Мамашов жети жылдын ичинде Элиас Сильвериону нокаутка учураткан биринчи мушкер болду.

Бул беттеште Алтынбек Мамашов фаворит болчу. Сильверио Мамашов менен беттешке чейин катары менен үч беттеште жеңилип калган. Бирок аны оңой атаандаш деп айтууга болбойт. Ал акыркы жолу 2014-жылы нокаутка учураган.

Беттеш кандай өттү?

Биринчи бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө бразилиялык мушкер көпчүлүктү таң калтырып, ал турга биринчи бөлүктө колго алгандай кыргыз мушкерине арты-артынан сокку узатып жатты. Ал эми Мамашов акырындык менен атаандашын жакшылап карап, коргонууда алсыз жактарын табууга аракет кылып жатты. Эки мушкер тең биринчи бөлүктө бири-бирине таамай сокку узата алган жок. Кызыктуусу, күрөштү мыкты өздөштүргөн эки мушкер тең партер абалында беттеш улантууга аракет кылышкан эмес.

Экинчи бөлүктө Мамашов өзүнүн беттешин баштады. Ал атаандашынын алсыз жерлерин тапкандай өтө кылдаттык менен кубаттуу делген соккуларын узата баштады. Бразилиялык мушкер бул соккуларга туруштук бере албады. Мамашовдун сол колу менен туштап, оң колу менен узаткан соккусу атаандаштын бетине таамай тийип, анын оозунан ооз коргогучу ыргып, өзү эс-учун жоготту.

Муну менен Алтынбек Мамашов карьерасындагы 15-жеңишине жетти. Эң кызыктуусу, анын бардыгы мөөнөтүнөн мурда. Бул беттеш менен кыргыз мушкери "АСА" уюмунда негизги беттешке талапкер экенин көрсөттү. Ал эми, атаандаш карьерасын токтотуу же ылдыйкы дивизионго түшүүнү ойлонушу керек. Катары менен төрт ирет жеңилүү ар бир мушкер үчүн өтө начар жыйынтык.

Алтынбек мамашов бразилиялык мушкерди нокаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elinur
2021-10-09 21:07:47
Кыргыз элимди спортчуларбыз буткул дуйного таанытып бийик которуп атышат.
Чондорубуз бийлик байлык талашып уят кылышат
+17
ErkinOkenovich
2021-10-10 08:22:46
elinur,Албетте шапкесин ылдый тушуруп уялып жаткандар, кайра депутат болом деп жатышса. Кайдан которот мамлекетти.жеп жутарлар спортсмендерди ойломок беле, контейнер менен эшигин кысып, адам олтуруп жатышса.

Алтынбек кут болсун жениш,Аллахым ыраазы болсун!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан