Дүйнө чемпиондугу: Бексултан Махмудов 1/8 финалга чыкты

Бүгүн, 8-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Алтынчы күндүк мелдештер күрөштүн грек-рим түрү боюнча уланды. Анда Дүйнө чемпиондугуна 97 килограмм салмакта катышкан Бексултан Махмудов алгачкы жүрүшүндө даниялык Матиас Бак аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө атаандаш активдүү болбогону үчүн калыс кыргыз балбанына бир упай берип, атаандашты партер абалына койду. Андан Бексултан Махмудов үч упай алды. Биринчи бөлүк 4:1 эсебинде кыргыз балбаныны пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө калыс кыргыз балбанын партерге коюп, атаандашка бир упай берди. Даниялык балбан аны аткара алган жок.

Муну менен Бексултан Махмудов Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG-312
2021-10-08 17:18:38
Акжолдун иниси эмеспи?
+2
Janym_ata_enem
2021-10-08 17:49:15
KG-312,Акжол озу 77де курошсо, иниси 97де курошмок беле? Акеси бул
+2
patriot.kg94
2021-10-09 14:10:49
Janym_ata_enem, веси оор болсо курошобу же акемин веси аз деп курошпой койобу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан