Мекендешибиз Жоламан Шаршенбеков Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты.
Кыргыз балбаны жарым финалдык беттеште азербайжандык балбан Мурад Мамедовго каршы беттеш өткөрдү.
Биринчи бөлүктө атаандашы активдүүлүгүн көрсөтпөгөнү үчүн Жоламан Шаршенбековго 2 упай берилип, алгачкы 3 мүнөттүк кыргыз балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.
Ал эми 2-бөлүктүн башында каршылашы Мурад Мамедов 2 упай иштеп таап, эсепти теңеп кетти.
Андан соң Жоламан Шаршенбеков атаандаштын артына өтүп эсепти 4:2ге жеткирди.
Ошол бойдон каршылашка эч мүмкүнчүлүк бербей беттеш 4:2 эсебинде балбаныбыздын жеңиши менен аяктады.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугун финалына чыгып, алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы беттешинде Беларусь өлкөсүнүн балбаны Максим Кажарский менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңип алган.
Ал эми чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистрашвили менен күч сынашып, таза жеңиш менен уткан.