Токио Олимпиадасында жеңишти алдырып жиберген. Жоламан Шаршенбеков финалда кайрадан Виктор Чобану менен кез келет

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында кайрадан молдовалык спортчу Виктор Чобану менен кез келет. Ал Токио Олимпиадасында дал ушул балбанга жеңишти алдырып жиберген.

Эске салсак, Токиодо өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану чейрек финалда күч сынашкан. Ал беттеште кыргыз балбаны тилекке каршы, 9:0 эсебинде жеңилип калган.

Беттештен соң Виктор Чобану жерде жаткан кыргыз балбанын жулкулдата кыйкырык салып, "мен уттум" дегендей кыр көрсөткөнү көпчүлүктүн эсинде калган.

Эки балбан Олимпиадага чейин 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда да чейрек финалда бири-бирине каршы килемге чыгышкан. Анда мекендешибиз 8:0 эсеби менен жеңишти камсыздаган.

Виктор Чобану - молдовалык 29 жаштагы балбан. Ал 2018-жылы Венгрияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. Ал эми 2019-жылы Румыния өлкөсүндө өткөн мелдеште Европа чемпиону аталган.

Ал эми учурда Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда ал 1/8 финалда украиналык Жора Абовянды (11-6), чейрек финалда орусиялык Степан Марянянды (7-6) жана жарым финалда армениялык Геворг Гарибянды (9-6) утуп, финалдык баскычка жетип келген.

Мекендешибиз Жоламан Шаршенбеков болсо алгачкы беттешинде Беларусь өлкөсүнүн спортчусу Максим Кажарскийди (2-0), чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвили аттуу балбанды (таза жеңиш менен) жана жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедовду (4-2) жеңди.

Финалдык беттештер эртең, 9-октябрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ernis82
2021-10-08 23:34:07
Ийгилик каалайбыз..бул жолу утуп ал✊
+11
kgbek5566
2021-10-08 23:43:52
Жоламан сен дагы бир жулкулдатчы молдованды
+16
KG-312
2021-10-09 02:42:09
Күчтүү бала экен, уруп койотко Жоламанды.
-7
Bikosh2015
2021-10-09 03:18:46
Жома Чобанунун чумосун эле чыгарып салчы.
+8
Belek1710
2021-10-09 03:42:27
Күчүңү бир жумшачы аракет кылып.
+8
jigit.paren
2021-10-09 06:51:55
Кайрат Туголбаев эмне болду тажиктин жеңди кийинкиси коло үчүн күрөшөт эле го, же жеңилдиби жазбай калдыңар супер.
+1
alinsan
2021-10-09 11:58:33
тиги жоон жолпу бала экен, Кудайым биздин балбанга куч кубат берсин ылайым
+1
suluktu
2021-10-09 21:43:09
Оч ёлку керек!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан