Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык беттешиндеги молдовалык балбан Виктор Чобанунун жасаган ыкмасы мыкты деп табылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Молдовалык балбан мыкты делген ыкмасын армениялык Геворг Гарибянга жасаган. Молдовалык балбан бул ыкмасы менен төрт, андан кийин эки упай алууга жетишкен.
Виктор Чобану кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен финалда кез келет.