Бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жетинчи күндүк беттештери өтөт.
Бүгүнкү мелдеште күрөштүн грек-рим түрү боюнча 67 килограмм салмакта Марлен Асикеев килемге чыгат. Анын алгачкы атаандашы украиналык Алексей Масюк аттуу балбан болот.
Ошондой эле 63 килограмм салмакта Калы Сулайманов килем үстүнө чыгат. Ал алгачкы жүрүшүндө эле япониялык Кенсуке Шимицу менен кез келет.
Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алат.
Мындан тышкары, Жоламан Шаршенбеков финалда молдовалык Виктор Чобану менен кез келет. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.