Бүгүн, 9-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунан Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер курама командасы кайтып келди.
Анда экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталган Айсулуу Тыныбекова бул Дүйнө чемпиондугуна жакшы даярданбай барып, өзүн кыйнап күрөшкөнүн айтты.
"Бул Дүйнө чемпиондугунда чынын айтсам уялганымдан эле чыдап күрөштүм. Өзүмдүн мүнөзүмө байланыштуу атаандаштарымды жеңдим. Биринчи күндүк беттеш мен үчүн аябай оор болду. Жаным кыйналып, мелдеш эртерээк бүтсө экен дедим. Дүйнө чемпиондугуна жакшы дайын эмес болчумун", - деди Тыныбекова.
Мындан тышкары, ал эми Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан бери жакшы эс ала электигин, өзүнүн организмин калыбына келтиргиси келип жатканын айтты.
Айсулуу Тыныбекова Ослодо өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында америкалык балбан менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңип, экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталган.