Айпери Медет кызы: "Дүйнө биринчилигине алтын медаль, кур алам деп баргам"

Бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан кыргыз балбан кыздары Бишкек шаарына кайтып келди.

Анда Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган балбан кыз Айпери Медет кызы маанайы суз экенин билдирип, өз сезимдери менен бөлүштү.

"Мен Дүйнө биринчилигине алтын медаль, кур алам деп баргам. Тилекке каршы спортто бирде жеңүү, бирде жеңилүү болот экен. Мен үчүн оор болгон беттеш Эстониядан келген балбан кыз менен күрөшүү болду. Утуп келе жатып акыркы 30 секундда утулуп калдым. Машыктыруучуларыма терең ыраазычылык билдирем, буюрса алдыдагы беттеште ийгилик жаратам деген үмүттөмүн", - деди Айпери Медет кызы.

Эске салсак, Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 76 килограмм салмакта жарым финалда эстониялык балбанга 3:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alinsan
2021-10-09 13:51:10
Айпери карындашым аракетин куч, тилегин да куч, биз да тилейбиз, Кудайым буюрса олимпиадада алтын аласын, маанайыны чоктурбо. Биз бааарыбыз сени жакщы коробуз!!!
+14
alimbek94
2021-10-09 14:03:54
Азаматын. Кыргызстандын татынакай сулуу кыздары
+6
max-bek
2021-10-09 14:14:25
Айпериде баары жайында. Бир гана оомат жетишпей атат да.
+12
PFC-CSKA
2021-10-09 14:17:16
Айпери негизи кучтуу просто кичине не везёт болуп атат. буюрса Парижде алтын утасын!
+11
alinsan
2021-10-09 14:21:27
Жаштын тилегин берет дейт, жакшы тилек, жакшы ниет, жакшы аракет кыла бер, алтын башын аман болсо кооп алтындарды аласын буюрса
+8
Alia82
2021-10-09 15:57:21
Буюрса аласын алтын, алтынга татыктуусун, али баары алдыда!!!
+5
NURSAPAR
2021-10-09 18:22:43
Жаштын тилегин берет, али баары алдыда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан