Бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жетинчи күндүк беттештери башталды.
Дүйнө чемпиондугуна 63 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Калы Сулайманов алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык Кенсуке Шимицу аттуу балбан менен кез келди.
Кыргыз балбаны биринчи бөлүк башталганда эле эки упай алды. Андан кийин "кочерга" ыкмасын жасап, дагы эки упай алды. Биринчи бөлүк 4:2 эсебинде Калы Сулаймановдун пайдасында аяктады.
Экинчи бөлүктө атаандашы Калы Сулаймановду килемден түртүп чыгып, бир упай алды. Кыргыз балбаны 4:3 менен жеңип жатып, акыркы 4 секунд калганда атаандашка төрт упай алдырып жиберди.
Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү атаандаштан көз каранды.