Буга чейин 7-октябрга караган түнү Бишкектин 12-кичи районунда белгисиз адамдар онго жакын унаанын айнектерин сындырып кетишти деген видео тараган. Азырынча жабырлануучулардын ичинен бирөө гана арыз жазганын SUPER.KG порталы Октябрь РИИБине байланышканда маалым болду. ⠀
"2021-жылдын 7-октябрында Т.Ч. аттуу жаран кайрылып 7-октябрга караган түнү саат 02:30дан 03:20га чейинки аралыкта 12-кичи райондо токтоп турган Toyota Sequoia унаасынын алдыңкы терезелерин сындырган белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Унаадан 12 миң 500 сом накталай акчасы жашыруун түрдө уурдалган", - деп билдиришти мекемеден.
Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Учурда Октябрь РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдарын жана издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.