Бүгүн, 10-октябрь күнү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ырчы Айгерим Расул кызынын "Келем сага" аттуу шоу концерти өтүүдө.
Шоу концерт алгач ырчы айымдын бийчилердин коштоосунда бийлөөсү менен башталды. Андан соң "Лейла" аттуу ыры жаңырып, сахналаш досторунун ырдоосу орун алды.
Ошондой эле Маданият министрлиги тарабынан ырчы Айгерим Расул кызына маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси ыйгарылды.
Белгилей кетсек, бүгүн ырчы Айгерим Расул кызы 30 жашка толду.