10-октябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ырчы Айгерим Расул кызынын "Келем сага" аттуу шоу-концерти болуп өттү. Шоу-концертте ырчы айым чыгыш бийин бийлөө менен "Өзүң эле" ырын аткарды.
Ошондой эле ырчынын "Түнкү Бишкек", "Эсиңдеби", "Роза", "Келем сага" жана башка ырлары Спорт ордосун шаңга бөлөдү.
Белгилей кетсек, бул концерт ырчы айым үчүн кош майрам болуп, туулган күнүн да белгиледи. Ал 10-октябрь күнү 30 жашка толду.