Ош облусуна караштуу Ноокат районунда Ауди-80 унаасы толук күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү Ноокат районунун Чеч-Төбө айыл аймагына караштуу Ош-Ноокат унаа жолунун 25-чакырымында Ауди-80 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө №71 ӨКБдан бир бөлүм тартылып, саат 08:12де өчүргөн. Жабыркагандар жок.
Өрттүн себеби такталууда.