Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактары түшүм жыйноо мезгилинде өлкөнүн дыйкандарын колдоо максатында күйүүчү-майлоочу каражаттарды арзандаткан купондорду таркатат. Дизель күйүүчү майынын жана АИ-80 маркасындагы бензиндин литрин 0,5 сомго арзандатуу акциясы оруп-жыюу мезгилинин аягына чейин уланат. Компания эмне үчүн айыл чарба тармагын колдоого алып жаткандыгы тууралуу Red Petroleum май куюучу жайларынын тармактарынын башкы директору Акылбек Маматов айтып берди.
Фермерлер арзандатууларды кантип пайдалана алышат?
— Бул акция эки жылдан бери жаз жана күз мезгилинде утурумдук негизде өткөрүлүп келет. Жеңилдиктер биздин бекеттерден май куйган бардык ишкерлерге, жеке фермерлерге багытталып, дизель күйүүчү майынын жана АИ-80 маркасындагы бензиндин литри 0,5 сомго арзандатылып берилет. Айыл чарба тармагында эмгектенген өлкөбүздүн ар бир жаранын оруп-жыюу жана жерди кийинки жазга даярдоо маселелери кабатырлантпай койбойт. Андыктан, күйүүчү май керек жана ар бир үнөмдөлгөн акча өтө маанилүү. Маселен, күйүүчү-майлоочу каражаттардын кайсы бир түрүнөн 1000 литр сатып алганда, 500 сомго үнөмдөөгө болот. Талондор өлкөдөгү бардык айыл аймактарына биздин кызматкерлер тарабынан таратылат жана аны алууну каалаган кардарлар жакын жайгашкан май куюучу жайларга өздөрүнүн байланыш маалыматтарын калтыруусу кажет. Кызматкерлер байланышып, жеңилдетилген талондорду беришет. Муну менен катар талондордун иштөө мөөнөтү ушул жылдын күзгү оруп-жыюу жана башка айыл чарба иштеринин соңуна чейин уланат.
Акылбек Абдимуктарович, азаркы тапта күйүүчү-майлоочу каражаттар соодасынын сегментинде мунайдын дүйнөлүк рыноктогу наркынын жогорулашы менен баалардын өсүшү байкалууда, кымбаттоону кантип токтотуп жатасыздар?
— Компания фьючерстик келишимдерди түзүү, Россия Федерациясындагы заводдордон көп көлөмдө ээлеп, кардарларыбызды үзгүлтүксүз камсыздоого керектүү күйүүчү-майлоочу каражаттардын корун өзүбүздө сактоо жолу менен баанын наркынын кескин өсүшүн чектөөгө бардык аракетти жасоодо. Калкыбызды колдоо максатында ушул жылдын август айында бааны төмөндөтүүгө жана аны жогорулатпай кармоого жетише алдык. Тагыраагы, август айынын башынан тартып бир литр бензиндин жана дизель отунунун чекене наркы 2,0 – 2,5 сомго төмөндөтүлгөн. Ал эми бензиндин дүң наркы 0,5 сомго арзандаган. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу каражаттардын 60 күнгө жеткидей кору бар. Мындан ары да компания бааны кескин жогорулатпоого аракет кылат.
Күйүүчү-майлоочу каражаттардын наркы эмне үчүн өсүүдө?
— Мунай продуктыларынын дүйнөлүк рыногунда баалар өсүү динамикасын көрсөтүп, Россия Федерациясында да жогорулоодо. Биз бири-бирине көз каранды болбогон, бирок жалпысынан баалардын өсүшүнө таасир эткен бир нече жагдайларды байкап жатабыз. Бул, бир жагынан күйүүчү май сатуу рыногунун биржалык соодага өтүшү, экинчи жагынан - Россия Федерациясынын курамындагы субъекттерде суроо-талаптын өскөндүгүнө ылайык, аларга үзгүлтүксүз күйүүчү-майлоочу каражаттарды жеткирүүгө багытталган ички саясат, ал жактан Кыргыз Республикасына жөнөтүлөт. Андан тышкары мунайды кайра иштетүүчү заводдордо пландуу утурумдук оңдоп-түзөөлөр өткөрүлүп жаткандыгынан улам, күйүүчү-майлоочу каражаттарды өндүрүү көлөмүнө таасири тийүүдө.
Кыргызстанда эле баалар өсүп жатабы?
— Баалардын жогорулашы коңшу өлкөлөрдө: Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда да байкалып, Россия Федерациясындагы күйүүчү-майлоочу каражаттардын экспорттук баасы өсүүдө. Ал тургай айрым өлкөлөрдө күйүүчү майдын жетишсиздиги байкалып жатканын белгилей кетүү керек. Ал эми Кыргызстанда алдын ала сатып алынган майлардын жетиштүү кору бар. Маалымат каражаттарынын билдиришинче, мунай экспорттоо операциялары аркылуу күйүүчү-майлоочу каражаттардын ички рыногун субсидиялоо системасы бар экенине карабай, Казакстандагы жүздөгөн май куюу жайларда күйүүчү-майлоочу каражаттар жетишсиз болууда. Пландуу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Казакстандагы эле эмес, Россия Федерациясындагы заводдор ишин токтоткон.
Биз бааны кармоо, чекене тармакта кескин өсүүсүнө жол бербөө багытында иш алып баруу менен кыргызстандыктарга сапаттуу күйүүчү майды жеткиликтүү баада сунуштоо тууралуу миссиябызды уланта беребиз.
Кеңири маалымат алуу үчүн телефон номерлери:
- 0550 152 000
- 0705 000 151
- 0705 000 151 (WhatsApp)