Кара-Балтада белгисиз жарандар түндө турак үйгө ок чыгарышты

Кара-Балтада белгисиз жарандар түндө турак үйгө ок чыгарышкан. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү Жайыл РИИБине 35 жаштагы тургун кайрылып, 9-октябрь күнү саат 03:30 чамасында белгисиз жарандар ок чыгарып, ал үйдүн терезесинин айнегине тийип үйдөгү адамдар түнү менен тынчсызданып чыгышканын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кызматкерлер кимдер ок чыгарганын аныкташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан