"Эл тура калып кол чаап". Акжол Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов калыстык карьерасын Ослодо жыйынтыктады

Эл аралык даражадагы калыс, Акжол Махмудов, Канат Бегалиев өңдүү атактуу балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов калыстык карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мейрамбек Ахметов калыстык карьерасын Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунан кийин эл алдында жыйынтыктаган. Ага көрүүчүлөр ордунан туруп кол чабышты.

Мейрамбек Ахметов "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында дагы калыстык милдетин аткарган.

Буга чейин Акжол Махмудовдун Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас унаа белек кылгандыгы кабарланган.

Мейрамбек Ахметов калыстык карьерасын жыйынтыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан