Бишкекте акын жана котормочу Алымкан Дегенбаеванын китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бүгүн, 12-октябрда Бишкекте акын жана котормочу Алымкан Дегенбаеванын “Жаралган кезде жаңы ыр, Жаңыдан баштап жашоону тургансыйм, өмүр баш ийип...” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө Дегенбаеванын китептери, макалалары, жайгаштырылды. Көргөзмөгө акын-жазуучулар, ардагерлер, маданият кызматкерлери катышат.

Акын, котормочу Алымкан Дегенбаева 1941-жылы 12-майда Москва районунун Беловодск айылында туулган. 1961-1967-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Алымкан Дегенбаева 1958-жылдан алгач фабрикада тигүүчү, cүрөтчүлөр үйүндө килемчи, республикалык эл чыгармачылык үйүндө машинист, мектепте мугалим, Ош пединститутунда лаборант, китепканачы, окутуучу, Кыргыз жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында жана Чуй облустук Шаршен атындагы театрда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында эмгектенген.

Алымкан Дегенбаеванын чыгармалары украин, өзбек, казак тилдерине которулган. 1975-жылы Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган.

Китеп-сүрөт көргөзмө бүгүн, 12-октябрда саат 14:00дө Улуттук китепкананын Кыргыз-Түрк адабият борборунун Чыңгыз Айтматов атындагы залында болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан