Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев 11-17-ноябрь аралыгында Индиянын Дели шаарында өтүүчү баш байгеси 10 миң доллар болгон мелдешке катышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматтар боюнча, Данияр Дулдаев мелдешти негизги бөлүктө ойноо менен баштайт. Азырынча анын атаандашы белгилүү боло элек.