11-октябрда ырчы Салидинастын жигити Урмат Токомбаев 10 миң адамдын көз алдында сүйүктүүсүнүн колун сурады. Ырчы айым менен байланышканыбызда баары күтүүсүз болду дейт.
"11-октябрда досторум, жигитим менен концертке баргам. Так ошол күн туулган күнүмө туш келип калды. Бирок ал жерден өткөрөйүн деген пландарым жок болчу. Болгону концерт бир күнгө жылып кеткен. Бир кезде алып баруучу мени сахнага чакырып калды. Мени туулган күнүм менен куттукташат деп ойлогом. Жигитим колумду сурайт деп такыр ойлогон эмесмин. Мурун аз чөйрөнүн алдында эле колумду сурайт болуш керек деп элестетчүмүн. Албетте, 10 миң адамдын алдында сүрдөдүм. Азыркыга чейин нес абалдамын. Урмат бул тууралуу курбуларыма да билгизген эмес. Азырынча биз той жана башка иштер боюнча сүйлөшө элекпиз. Баары күтүүсүз болду", - дейт Салидинас.