"Туугандары менен байланышкан". Панфилов районунда 2 жылдан бери Андрей Радинов изделүүдө

Панфилов районунун ички иштер башкармалыгы эки жылдан ашуун убакыттан бери дайынсыз жоголгон 40 жаштагы Андрей Радионовду издеп келет. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Андрей Радинов 2019-жылдын август айында Алексеевка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ошол эле жылдын август айынын аягында туугандары менен байланышып, Панфилов районундагы бал челектердин биринде иштеп жүргөндүгүн айткан.

Андрей Радиновдун өзгөчө белгилери: бою 189 сантиметр, арык чырай, көзү көк, чачы сары. Аксап басат. Кашынын үстүндө тырыгы бар.

Милиция изделип жаткан адам тууралуу кабары барларды 0312607989, 0312438885, 0557080387 жана 0556102423 телефон номерлерине чалып коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baian
2021-10-12 21:29:42
Радинов,Радионов.
13-абак,31-абак.
+2
Datka7777
2021-10-13 15:15:22
Baian,)))
0
NURSAPAR
2021-10-13 08:44:10
Качан туура жазганды үйрөнөсүңөр дейм да.
+1
Datka7777
2021-10-13 15:15:42
NURSAPAR,буларга по...уй
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан