Акын Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду

12-октябрда Кыргыз Эл Баатыры, акын Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду. Бул тууралуу аталган союздун басма сөз катчысы Нурбек Маамытбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кыргыз Эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Мелис Абакиров, Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов жана башка акын-жазуучулар, маданият ишмерлери катышты.

Өмүр баяны:

  • Акын 1921-жылы 15-октябрда Кыргыз ССРнин Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген,
  • Улуу Ата Мекендик согушка катышып, оор жарадар болгон,
  • 1944–1951-жылы Талас облустук «Лениндик туу» гезитинин жооптуу катчы, «Кыргызстан пионери» гезитинин жооптуу редактору,
  • 1959–1965-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы,
  • 1965–1967-жылы Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу,
  • 1967–1984-жылы Жазуучулар союзунун башкармалыгынын адабий кеңешчиси,
  • 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан