Ысык-Көлдө 55 жаштагы Бишкектин тургуну унааны айдап качып бара жаткан жеринен кармалды

Ысык-Көл облусунда 55 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну унааны айдап качып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү Ысык-Көл РИИБине Бактуу-Долоноту айылынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 09:00 чамаларында азык-түлүк дүкөнүнүн жанына токтотуп койгон Ниссан үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген.

Жабырлануучунун арызы каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерди көрүп, көпкө узабай кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 55 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон Д.К. кармалган. Ал Ысык-Көл РИИБине алып келинип, күнөөсүн моюнга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHaidulda
2021-10-13 20:49:09
Эми карыганда машинаны уурдап алып не кылмак тоба
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан