2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнундагы Люксембург менен болгон беттеште хет-трик жасаган Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду жаңы рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, "А" тайпасынын 8-турдук оюнунда Португалия курама командасы Люксембургду 5:0 эсебинде утуп алды. Бул оюнда Криштиану Роналду хет-трик жасаса, калган эки голду Бруну Фернандеш менен Жоау Палинья киргизди.
Муну менен Роналду улуттук курама үчүн 10-хет-тригин жасап, 2019-жылкы өзүнүн рекордун жаңылады.