Бүгүн, 11-ноябрь күнү кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстандын Астана шаарында башталган байге фонду 10 миң доллар болгон мелдеште биринчи беттешин өткөрөт. Анда Ксения Палкина мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө өзбекстандык Альбина Хабибулина менен бирге казакстандык Карина Калкенова менен Сара Калкеновага каршы ойнойт.
Ошондой эле Ксения Палкинанын мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө орусиялык София Смогина аттуу теннисчиге каршы беттешери белгилүү болду. Мелдеш 17-ноябрга чейин уланат.