Бильярддын снукер түрү боюнча өлкө чемпиондугун Ызатбек Раатбеков 2-ирет жеңип алды

9-10-ноябрь күндөрү Бишкектеги “Пул&снукер” бильярд клубунда бильярддын снукер түрү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Чемпиондук үчүн түрдүү жаш курактагы 24 кий чебери катышып, мелдештин жыйынтыгында 17 жаштагы Ызатбек Раатбеков 2-ирет чемпион аталды. Ал финалда Бектур Арзыматов менен кез келип, 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Ошентип, 2-орунга  Бектур Арзыматов, ал эми 3-орунга Улукман Карагулов менен Мухамед Каримберди уулу татыды.

Айта кетсек, мелдеш Дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан уюштурулуп, байге фонду 30 миң сомду түздү.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан