Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун карындашы, “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева 9-октябрь күнү шаардагы отелдердин биринде 21 жашын белгиледи. Туулган күндүн өтүшү чоң талкууну жаратты. Лазат ушул талкуулар боюнча SUPER.KG порталына жооп берди. Мындан тышкары, анын жеке жашоосу, балалыгы, Садыр атасы (ред. Садыр Жапаровду өзү ушундай атайт) тууралуу дагы кеп кылдык.
- Лазат, саламатсызбы? Өтүп кеткен туулган күнүңүз кут болсун. Туулган күн кандай өттү? Бул кечеде сизге жакканы, эң эле эсиңизде калганы эмне болду?
- Саламатсызбы, рахмат. Туулган күнүм былтыркы жылга караганда жакшы өттү. Бир жыл мурун, 9-октябрь күнү өзүңүздөр билгендей эле өлкөбүздө баш аламан болуп турган учур болчу. Туулган күнүм ошол күндөргө туш келип калган. Ал күнү биз келечегибизге кайдыгер карабаган жаштар менен чогуу аянтка чыкканбыз. Бул жылы бардыгы жакты. Эң эле эсимде калганы эртеси болду.
- Бул кечеден кийин ар кандай комментарийлер жазылды, айтор, туулган күнүңүз көп талкууга жем таштады. Сиз буга кандай жооп берет элеңиз?
- Ооба, мен деле мынчалык катуу талкуу болот деп ойлогон эмесмин. Анткени туулган күн бул бир жылда бир келүүчү өздүк майрам. Ошондуктан ар бир адам жакындарынын курчоосунда тосконго толук укугу бар. Мен деле жаман оюм жок, жанымда жүргөн курбуларым, досторум, бирге машыккан таеквондисттер, бир жыл бою чогуу жүргөн устаттарым жана окуучуларым менен өткөрдүм. Коноктордун катарында мен сыйлаган, жакшы көргөн эжелерим Айзада Жамгырчиева, Назира Бердигулова, жеке машыктыруучум Нуриса Мамбеталиева, дайыма мени сулуулаган Айпери Суранчиева чакырылган.
Биринчиден баса белгилеп айткым келгени, бизди ата-энебиз кичинекейибизден эле ысырап кылбоого үйрөтүшкөн. Ал эми конокторумдун көбү мен курактуу болгондуктан, биз эч кандай мал союп, эт тарткан жокпуз. Биринчи, экинчи тамагы менен эле узап кетишти. Ал эми Орусиядан ырчыларды чакырыптыр деген сөздөр карандай калп, жалган сөз. Мен эч кандай чет мамлекеттен ырчыларды чакырган жокмун жана мен өткөргөн кечеге чет мамлекеттердин жарандары катышкан жок.
Баарыңыздар билгендей эле, 10-октябрь күнү Бишкек шаарыбызда биринчи жолу чоң, масштабдуу фестиваль өтмөк. Ошол фестивалга катышкан ырчылар мен туулган күн өткөргөн мейманканада жайгашыптыр. Ошолордун арасында талкууга алынган Мияги жана Эндшпиль аттуу ырчылары да болгон. Мен конокторумду тосуп алайын деп фойеге түшсөм, бардык артисттер чогулуп эл менен сүрөткө түшүп жатыптыр. Мен деле эл катары эле сүрөткө түшүп, Инстаграмга жүктөп койсом ушундай туура эмес маалымат тарап кетиптир. Ал жерде жалгыз эле мен эмес, аларды тааныган бардык жаштар сүрөткө түшүшкөн.
- Былтыр “Кыргызстан сулуусу” болгондон бери жашооңузда эмнелер өзгөрдү? Азыр эмне менен алексиз?
- “Кыргызстан сулуусу” наамына ээ болгондон бери жашоомдо чоң өзгөрүү болду. Мен өзүмө чоң жүктү илип алганымды түшүнбөптүрмүн. Мурун Инстаграмда 9 миң катталуучум болсо, азыр 147 миң катталуучум бар. Бул өтө жоопкерчиликтүү кадам. Анткени бардык Инстаграмда отурган жаштар менден үлгү алышат. “Тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз” деп суранышат.
Ошондуктан жаштарга, кыргыз элиме таасири тие турган жакшы иштерди кылганга аракеттенип жатам. Баарыңыздарга белгилүү болгондой эле, эки жума мурун 2021-жылдын сулуусу тандалып, ага таажымды тапшырдым. Азырынча окуумду, спорт менен машыгууну улантып жатам. Чакырылган фотосессия жана көргөзмөлөргө да убактымды бөлүп, дизайнерлер менен иштешем.
- Былтыркы сулуулар сынагы менен быйылкы сынактын айырмасы эмне болду?
- Былтыркы сынак менен быйылкы сынактын айырмачылыгы өтө чоң болду. Мен мурдагы жылы мыкты даярдыгым, ушунча жылдан бери топтоп келген тажрыйбам менен айырмалангам. Бул жылы бардыгы Лазаттыкындай видеовизитка болсун деп, меникиндей жасаганга аракет кылышты. Укмуштуудай шоу программа менен өттү.
- Өзүңүз, ата-энеңиз тууралуу айтып бериңизчи
- Өзүм 2000-жылы Каракол шаарында төрөлгөм. Башталгыч классты Балыкчы шаарынан окуп, кийин Бишкекке көчүп келгенге туура келди. Окуумду Бишкектен уланттым. Юридикалык колледжге тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. Азыр Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында соттук-прокурордук ишмердик боюнча билим алып жатам, 3-курстун студентимин.
Атам жөнүндө айтсам, ал эң күчтүү, сабырдуу, үлгү ала турган киши. Эки жогорку билимдин ээси. Өмүр бою өзүнүн ак эмгеги менен иштеп, чоң ийгиликтерге жетишкен. Азыр эч кандай мамлекеттик жумушта иштебейт. Апам болсо жогорку билимдин ээси, педагог. Турмушка чыкканга чейин мугалим болуп эмгектенген. Турмушка чыккандан кийин бизге татыктуу тарбия берип үйдө. Ал эми азыркы учурда өзүнүн ишканалары бар. Москвага Кыргыз өлкөсүндө тигилген кийимдерди жөнөтүп турат.
- Бала чагыңыз кандай өткөн? Мектепте кандай окуучу элеңиз?
- Бала чагым аябай бактылуу, кызыктуу, телефон жок мезгилде өткөн. Ошого аябай сүйүнөм. Азыр дээрлик бардык балдардын балалыгы телефондо өтүп жатканы өкүндүрөт. Мектепте жакшы окугам, дайыма активисттердин катарында жүрчүмүн. Ошол убакта эле сулуулук сынактарына катышчумун.
- Былтыр маекте “Аалам сулуусу” сынагына катышкым келет деген экенсиз. Алдыда мындай мүмкүнчүлүк барбы?
- Менин алдыга койгон максаттарым абдан чоң. Буюрса, Кыргыз өлкөсүнүн маданияты, жаратылышы, меймандостугу менен бүткүл дүйнөгө даңазалайм деген үмүтүм бар.
- Садыр атаңыз менен кабарлашып турасызбы? Карындашы катары колдоп, өз кеңештерин берип турса керек?
- Ооба, кабарлашып турабыз. Азыр жумушу абдан көп, колу бошобойт. Эртеден кечке чейин иштейт, дем алыш күнү да бошобой жатат.
- Сулуулук сиз үчүн...?
- Адамдын ыйманы, билими, ички дүйнөсүнүн сулуулугу, акылы, адамгерчилиги.
- Алдыга койгон максат-кыялдарыңыз кандай?
- Алдыга койгон ой-максаттарым, буюрса, акырындык менен ишке ашып келе жатат. Ал эми жашоодогу аял затынын кыялы бул бактылуу үй-бүлө болуш керек.
- Кыргыз өлкөсүнүн сулуусу болгон кыздын артынан чуркаган жигиттер көп болсо керек? Жеке жашооңузда абал кандай?
- Буга чейин деле көп болчу. Жеке жашоом сыр бойдон калсын.
- Маегиңизге рахмат.