Эрежесиз эр уруш: Витор Белфортко Дэн Хендерсонду жеңүү үчүн 2 мүнөт жетиштүү болду

9-ноябрь күнү Бразилияда эрежесиз уруш боюнча экс-чемпиондор Витор Белфорт менен Дэн Хендерсон кез келип, беттеш башталгандан 2 мүнөттөн ашык убакыт өтпөй Витор Белфорт Дэн Хендерсонду нокаутка түшүрүп, жеңишке жетти. 

               

   Беттеш башталганда эле Хендерсон Белфорттун сол колу менен узаткан оор соккусун өткөзүп алып кулап калат, кайра турууга аракет кылганда Белфорттун буту менен башка узаткан соккусунан кийин калыс беттешти токтоткон. Хендерсон үчүн бул жеңилүү 16 жылдык карьерасындагы алгачкы нокаут менен жеңилүүсү. 

   Айта кетсек, бул эки мушкер мындан 7 жыл мурун да беттешип, анда калыстардын чечими менен Хендерсон жеңүүчү деп табылган.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан