UFC мушкери Рафаэль Физиев Инстаграм баракчасына акыркы абал боюнча дагы комментарий калтырды.
"Мени Кыргыз өлкөсүндө чын дилинен колдогон адамдар көп экенин түшүнөм. Ал үчүн рахмат. Мен кимдир-бирөөнү таарынткым келгендиктен же бир нерсени далилдегим келгени үчүн эмес, бул чексиз ыпластыктан тажагандыктан кетип жатканымды айткым келет. Уруш өнөрүмдүн жана ишимдин чыныгы күйөрмандарына айткым келет, мен бул жаатта дайыма өзүмдү жакшы көрсөтөм! Бардыгыңыздарга колдооңуздар үчүн рахмат!", - деп жазды.
Эскерте кетсек, мушкер 14-октябрда үй-бүлөсү коркутууларга кабылып жатканын айтып чыккан. "Мен миллиондогон адамдар сыяктуу эле Инстаграмдан өз жашоомду көрсөткөм. Бүттү. Мен кетем. Мени мындан ары Кыргыз өлкөсү менен эч нерсе байланыштырбайт. Биз жакында көчүп кетүүнү ойлонуп жатабыз. Мен коркутуулар келгендиги үчүн мындан ары мелдештерде Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкпайм", - деп билдирген.