Рафаэль Физиевдин устаты Эмил Токтогонов 24.кг басылмасына шакиртинин чечими боюнча пикирин билдирди.
"Чынында бул жаш баланын жоругу. Бүгүнкү күндө анын жанында спортто гана эмес, мындай кырдаалда жанында турган тажрыйбалуу насаатчы жок экени сезилип жатат. "Балам, толкунданба, жакшылап ойлон" деп айта турган эч кимиси жок. Рафаэль, кимдир-бирөө сизге жаман сөздөрдү жазса дагы, булар бүт эле Кыргыз өлкөсүнүн жарандары эмес, бул айрым обочолонгон адамдар. Өлкөдөн баш тартуунун кереги жок болчу. Сени көптөгөн кыргыздар колдоп, алдыга сүрөп келди. Азыр алардын баары нааразы. Ойлонуп көр", - деди ал мурунку шакиртине.
Эске салсак, буга чейин UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары мелдешке кыргыз желеги астында чыкпай турганын жана үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүү чечимин жарыялаган.