Футбол: Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" клубунун футболчулары башкы машыктыруучусуна нааразы болушууда. Буга клуб жетекчилиги үн катты

Кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов ойногон коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун футболчулары башкы машыктыруучусу Курбан Бердыевге нааразы болушууда. Бул тууралуу клубдагы өздүк булактарына таянуу менен казак басылмалары жазышты.

"Алар тажрыйбалуу машыктыруучудан көбүрөөк нерсени күтүшкөн, бирок көйгөйлөр жалаң жыйынтыктар менен эле чектелбейт. Бердыев өзүнүн стилиндей эле 5 коргоочуну талаага чыгарууда. Бул күйөрмандарды кыжырдантат. Алар алгачкы эки беттештен кийин машыктыруучуну шылдыңдашты. Анын үстүнө күйөрмандар мурдагы башкы машыктыруучу Шпилевскийди кайтарып берүүнү талап кылышууда. Бердыев коргонуу футболун ойнойт. Буга футболчулар нааразы болушууда", - деген клубдагы өздүк булак.

Өз кезегинде "Кайрат" клубу бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий билдирди.

"Кайрат" футболдук клубу башкы машыктыруучу Курбан Бердыевди жана оюнчуларды клубдун жетекчилиги ар тараптуу колдойт. Бүгүн команда алдыдагы маанилүү оюндарга толугу менен даярданып жатат. Эртең "Кайрат" "Актөбө" клубуна каршы оюн өткөрүшөт", - деп билдирди "Кайрат" клубунун маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-10-15 18:24:47
Гүжүнү лавкага тыгып койдуго бул тренери.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан