Футбол: Бишкекте кыз-келиндер курама командаларынын Азия кубогуна тандап алуу оюндары өтөт. Кайсы командалар катышат?

Бишкекте кыз-келиндер курама командаларынын арасындагы 2022-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "D" тайпасынын беттештери өтүп, анда БАЭ, Ливан, Мьянма жана Гуам командалары беттешет. Беттештер 18-октябрдан 24-октябрга чейин өтөт.

"Бир күн мурун Азия Кубогунун тандоо турнирине катышуу үчүн төрт команданын делегациялары Бишкекке учуп келишти. Тайпалык турдун биринчи туру 18-октябрга белгиленген, анда Мьянма менен Ливан биринчи беттеште кез келишет", - деп билдиришти КФСден.

Белгилей кетсек, бул беттештерде Кыргыз өлкөсүнүн адистери иштешет. Кыргыз футболдук союзунун Аткаруу комитетинин мүчөсү Кемел Токабаев бул беттештердин комиссары болуп дайындалды. Ошондой эле беттештерди жергиликтүү калыстар Рамина Цой менен Вероника Бернацкая тейлешет.

Азия Кубогунун финалдык баскычы 2022-жылы Индияда өтөт.

Оюндар жүгүртмөсү:
18-октябрь (дүйшөмбү)
12:00. Мьянма – Ливан
17:00. БАЭ - Гуам

21-октябрь (бейшемби)
12:00. Ливан – БАЭ
17:00. Гуам – Мьянма

24-октябрь (ишемби)
12:00. Мьянма – БАЭ
18:00. Гуам - Ливан

Бардык беттештер коронавирус пандемиясынан улам жабык режимде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан