Кыргыз өлкөсүнөн көчүп кетүүнү чечкен UFC мушкери Рафаэль Физиев аны буга чейин колдоп келген кыргыз күйөрмандарынан кечирим сурады. Билдирүүнү ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Маалыматтык согуш эң жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Баары акырын гана менин Америкадан башпаанек алгым келгенин, акча үчүн кетип жатканымды жана башка көптөгөн нерселерди жазып, мени душман катары көрүштү. Диниме жана улутума карабай менин Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында мелдештерге чыкканым үчүн колдогон адамдардан үмүтүңөрдү актай албаганым жана эмоцияга берилгеним үчүн кечирим сурайм.
Анан албетте кечирим суроого эми кеч экенин түшүнөм", - деп жазды Физиев.
Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.