Легендарлуу кикбоксчу Жоржио Петросян Сингапурда өтүп жаткан "ONE FC" турниринин башкы беттешинде таиланддык Супербон Банчамекке сенсациялуу утулуп калды.
Беттештин экинчи бөлүгүндө таиланддык мушкер Петросяндын башына буту менен таамай кубаттуу сокку узаткан. Петросян андан кийин эс-учун жоготуп чалкасынан кулап түштү.
Муну менен Супербон Банчамек ONE Championship уюмунун жеңил салмактагы чемпиону аталды.