Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-октябрда УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды.
Өзбекстан Республикасынын жараны Ю.М. Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Ош шаарына учуп келгенде, М.А. аттуу Кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн. Кармалган Ю.М Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү ("мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.