Эртең, 17-октябрда Дубай шаарында өлкөбүздүн футбол боюнча 23 жашка чейинки курама командасы Вьетнам өлкөсү менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
"Азия Кубогу - 2022" мелдешине тандап алуу оюндарына даярдыктын алкагында өтүп жаткан оюн Дубайдагы "The Sevens" стадионунда Бишкек убактысы менен саат 20:00дө орун алат.
Андан соң улуттук курама команда Бириккен Араб Эмираттарындагы машыгууларын улантат. 20-октябрда тандап алуу оюндарына катышуу үчүн Дубайдан Фуджайра шаарына келишет.
Эске салсак, учурда 23 жашка чейинки улуттук курама команданын футболчулары Бириккен Араб Эмираттарында Нурбек Жолдошевдин жетекчилиги астында машыгууларды өткөрүүдө.