Жайында ур-токмокко кабылып, жаак сөөгү сынган кикбоксчу Алексей Федосеев машыгууну баштады

30-августта Борбордогу ресторандардын биринде өтүп жаткан үлпөт тоюнда белгисиз бирөөлөрдүн токмогуна кабылып, жаак сөөгү сынган кикбоксчу Алексей Федосеев машыгууну баштады. Бул тууралуу спортчу өзү кабарлады. “Учурда толук түрдө машыгууга өттүм. Быйыл спортто көрсөткөн  жакшы жыйынтыктарымдын акыбети ушундай аяктап калганы, албетте, өкүнүчтүү. Бул окуя мени көп эл аралык мелдештерге катышуудан жана тажрыйба топтоодон куру калтырды”,- дейт спортчу.

                 

Эске салсак, спортчу быйылкы жылы Түштүк Кореядагы Жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында алтын медаль тагынган. Алексей “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын мыкты спортчусу-2013” наамына көрсөтүлүүдө. Азыр www.super.kg сайтында бул наамга талапкер 6 спортчуга добуш берүү кызуу жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан