"2:2 эсеби 3:0гө айланды". Оштун "Алай" командасына 50 миң сом айып салынды

Оштун "Алай" футболдук клубуна дисквалификация болгон оюнчуну мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу курамга кошкону үчүн 50 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-Лигасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Алай" клубунун жарым коргоочусу Ислам Шамшиев 4 оюнга дисквалификация болгонуна карабай курамга "Абдыш-Ата" клубу менен болгон оюнда кошулган. Буга канттык клуб нааразычылыгын билдирген.

Мындан улам Тартип комитети 13-октябрда өткөн "Абдыш-Ата" - "Алай" беттешинин жыйынтыгын жокко чыгарып, "Абдыш-Ата" клубуна 3 упай берип, "Алай" клубуна 50 миң сом айып салган.

13-октябрда өткөн "Абдыш-Ата" - "Алай" беттеши 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KG-312
2021-10-18 13:56:47
Комтиет, футбол федерациясы, судья болуп көптөп атып Алайды чемпиондуктан четтетет экенда!
-10
O.dembele
2021-10-18 14:09:50
KG-312,Коро албайт экенсинда
+8
Samash-87
2021-10-18 14:17:11
Кыргызстанда футбол дегенди такыр эле жоюп коюш керек.
-5
Fernando_Torres
2021-10-18 14:50:47
Samash-87,улак деген жүн талашып уяат болгон нерсени жойуш керек
-2
Asmat84
2021-10-18 15:09:17
Мм түшүнүктүү... Сөз жок. Барган сайын трайбализм күчөп баратат
-5
talas0707
2021-10-18 15:10:28
Туугандар ар бир оюндун кызыгы, куйорманы болот. Бирок тартип болбойунча онукпойт. Кыргыз болунбойлу кучтуусу женсин.
+8
SHaidulda
2021-10-18 15:40:19
Оюндун башында айтып четтетип койбойбу андай болсо буткондон кийин антбей
-6
aziret94
2021-10-18 20:40:17
SHaidulda,ошону укпай жатышпайбы
+7
Dembele84
2021-10-18 15:51:53
Короче,Алайды чемпион кылбоонун аракети
-9
aziret94
2021-10-18 20:39:53
Dembele84,Алай 4-5 келе жатат каяктагы чемпион))
+7
Eden-Hazard
2021-10-18 15:55:47
Туура кылат. Баш ийиш керек болчу
+11
amirrus
2021-10-18 22:06:37
Кыргыздар футбол ойнобой эле койсонор болот, кыргыздар арак ичиштен чемпион ха ха а
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан