50 миң сом айып салынган "Алай" клубу: "Ак ийилет, бирок сынбайт"

Дисквалификация болгон оюнду курамга кошуп алгандыгына байланыштуу 50 миң сом өлчөмүндө айып салынган Оштун "Алай" футболдук клубу машыгуусун кызуу улантууда. Бул тууралуу футболдук клуб социалдык тармактагы баракчасына жазып, футболчулардын машыгуусундагы сүрөттөрүн жүктөдү.

"Териштирүү иштери жүрүп жатканда биз кадимкидей машыгуудан ырахат алабыз. Ак ийилет, бирок сынбайт. Эртең Кочкор-Ата шаарында конокто ойнойбуз", - деп жазылды клубдун баракчасында.

"Алай" клубунун жарым коргоочусу Ислам Шамшиев 4 оюнга дисквалификация болгонуна карабай курамга "Абдыш-Ата" клубу менен болгон оюнда кошулган. Мындан улам Тартип комитети 13-октябрда өткөн "Абдыш-Ата" - "Алай" беттешинин жыйынтыгын жокко чыгарып, "Абдыш-Ата" клубуна 3 упай берип, "Алай" клубуна 50 миң сом айып салган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mina24
2021-10-19 13:28:50
Ойундун эрежеси ошондой эрежени билип анан кылган машыктыруучунун тажырыйбасы и эрежени сыйлабагандыгы окундурот туура эле чечим
+2
Dembele84
2021-10-19 14:02:36
Сынбай туруп,кайра чемпион болгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан