Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде төрөлүп, үч балбан кыздын ысымы коюлган үч эмге "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, эки жолку Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова барды.
Маалыматка ылайык, үч эм бүгүн, 19-октябрда төрөтканадан чыгарылган.
Бишкек шаарында үч эм 5-октябрда жарык дүйнөгө келген. Үч эмдин апасы Бермет Дубашева SUPER.KG порталына 3 эмге балбан кыздар Айсулуу Тыныбекованын, Айпери Медет кызынын жана Мээрим Жуманазарованын атын ыйгаргандыгын билдирген.
"Үч эм наристелерибизге чемпион болгон кыздарыбыздын ысымын ыйгардык. Айсулуу, Айпери жана Мээримдикин уйкаш болсун деп Ай-Мээрим деп койдук. Наристелеримди 5-октябрь күнү Дүйнө чемпиондугу башталганда жарык дүйнөгө алып келдим. Салмактары 1 килограмм 800 грамм, 2 килограмм 160 грамм жана 2 килограмм 170 грамм", - деп билдирген үч эмдин апасы.