Бүгүн, 19-октябрда Грециянын Лутарки шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Бүгүнкү мелдеште үч кыргыз балбаны, тагыраагы 70 килограмм салмакта Талант Бегалиев, 130 килограмм салмакта Сааданбек Ниязов жана 88 килограмм салмакта Арген Бегалиев килемге чыгышты.
Талант Бегалиевдин алгачкы атаандашы килемге чыкпагандыгына байланыштуу кийинки баскычка өтүп, чейрек финалда италиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты.
Сааданбек Ниязов алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштап, анда ирандык балбанды 4:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Арген Бегалиев алгачкы жүрүшүндө эле молдовалык балбанга жеңилип калды.
Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу 24-октябрда аяктайт.