Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Талант Бегалиев финалга чыкты

Бүгүн, 19-октябрда Грециянын Лутарки шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна 70 килограмм салмакта катышкан Талант Бегалиев жарым финалга чейин жетип, жарым финалда литвалык балбан менен кез келди.

Талант Бегалиев активдүү күрөшүп 2:1 эсебинде алдыда келе жатканда атаандашы жаракат алып, күрөштү андан ары уланта албай калды.

Муну менен Талант Бегалиев Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.

Финалда кыргыз балбаны америкалык Майкл Ли Мэдри аттуу балбан менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-10-19 22:45:11
Ийгилик байке сизге жениш менен кайтыныз мекенге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан