Бишкекте унаа алдамчылыгына шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте унаа алдамчылыгына шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айында милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда шектүү жаран анын BMW X6 унаасын бөлүп төлөө жолу менен алып, андан ары из жашыргандыгын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Укук коргоо кызматкерлери 32 жаштагы шектүүнү кармап, райондук сот аны СИЗО-1ге тергөө аяктаганга чейин киргизген.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан